Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарына кам көрүлө баштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев с Өзбекстандын президента Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев с Өзбекстандын президента Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрь айынын башында Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде ондогон келишимдерге кол коюлган

БИШКЕК, 24-Сен. — Sputnik. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапары тууралуу бул өлкөнүн тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн коңшулардын ТИМинен билдиришти.

5-сентябрь күнү өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде Алмазбек Атамбаевди өз өлкөсүнө келип кетүүсүн суранган.

КР президенти сунушка макул болуп, октябрь айында барарын билдирген.

"Элчи менен жолугушуу маалында макулдашыла турган, ошондой эле кыргыз президентинин иш сапарына даярдануу боюнча маселелер каралды", — деп айтылат билдирүүдө.

Сентябрь айынын башында Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында ондогон келишимдерге кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0