Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Жогорку Кенеш в Бишкеке
Работа Жогорку Кенеш в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү маселени жабык эшик артында карап, биринчи окууда колдошту.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддын Өзбекстан менен чектешкен жеринин талашы чечилди
Эске сала кетсек, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрда Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келип, анда эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлган. Негизги маселе катары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча жетишилген макулдашуу болгон.

Жогорку Кеңеш аталган маселени жабык эшик артында карап, жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн тиешелүү министрликтери менен мекемелердин жетекчилери катышты. Натыйжада мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы 725 чакырым жер тактала элек болсо, бүгүнкү күнү 643 чакырым жер такталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0