Мамкаттоо Боршайкомго шайлоочулардын такталган тизмесин берди

© AP Photo / Sergey PonomarevДобуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Добуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Өлкө башчы болууга 13 талапкер ат салышууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоого катыша турчу шайлоочулардын такталган тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына бергенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

20-сентябрга алынган маалымат боюнча шайлоочулардын жалпы саны 2 миллион 973 миң 525 кишини түзгөн. Бул көрсөткүч Боршайкомдун август айынын башында берген болжолдуу тизмесине салыштырганда 58 миң 937 кишиге көп.

"Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочуларды катталган жери боюнча өздөрүн www.shailoo.srs.kg (tizme.srs.kg) сайты аркылуу текшерүүсү керек", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Өлкө башчы болууга 13 талапкер ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0