БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев уран калдыктары көмүлгөн жайларга көңүл бурууга чакырды. Өлкө башчы бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-жыйынынын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин уран калдыктары сакталган объектилерине арналган атайын кеңешмеде айтты.
Иш-чарага БУУ, Еврокомиссия, МАГАТЭ жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Атамбаев Кыргызстандын демилгеси менен 2013-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан уран калдыктары боюнча атайын Резолюция кабыл алынганын эскертти.
"Резолюцияны жаңылоо уран калдыктары көмүлгөн жайларды рекультивациялоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстандын бул демилгеси өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана финансы институттары тарабынан колдоо табарына ишенем", — деди өлкө башчысы.
Президент Кыргызстан МАГАТЭ жана Борбор Азия мамлекеттери менен бирге аймактагы уран объектилерин рекультивациялоо боюнча стартегиялык мастар-пландын үстүндө иштеп жатканын белгиледи.
Өлкө башчы Кыргызстанда уран калдыктары көмүлгөн 90го жакын жай бар экенин, алардын көбү суу бойлой жайгашканын кошумчалады.
"Кыргызстан, тилекке каршы, нефтиси, газы бар өлкөлөрдүн катарына кирбейт, мындан улам аталган көйгөйдү чечүүгө каражат жетишсиз. Бизге эл аралык коомчулуктун финансылык жактан да, техникалык жактан да колдоосу керек. Ири державалар акчасын жаңы бомба менен ракеталарды жасоого жумшабай, буга чейинки согуштардын кесепетин жоюуга коротсо жакшы болор эле", — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өз сунуштарын айтып, Кыргызстандын демилгесине колдоо көрсөтүштү.