Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине жаңыланууну сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБириккен Улуттар Уюмунун Коопуздук Кеңешинин жаңыланышы
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопуздук Кеңешинин жаңыланышы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңеши мүчө болгон 15 мамлекеттин гана пикири менен эсептешпестен дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңыланышы керектигин айтты

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопуздук Кеңешинин жаңыланышын колдойт. Ал көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алышы керек. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы БУУнун таасири учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу үчүн керектигин белгиледи. Ошол эле учурда уюмдун маанилүүлүгүнүн артышы менен анын жоопкерчилиги да көбөйүп жатканын айтты.

"Учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон 15 мамлекет башка өлкөлөрдүн тагдырын чечип коюп жатат. Алар тарабынан жетишилген консустардан согуш же тынчтык жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы коопсуздук менен туруктуулук маселелери көз каранды. Андан тышкары БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу беш мүчөсү каалаган чечимди токтотуп коё алат", — деди президент.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-жыйынындагы дебаттардын темасы "Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулуу" деп аталат.

Алмазбек Атамбаев Башкы ассамблеянын жыйынына биринчи жолу катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0