Казакстандын ТИМи Кыргызстанга жооп иретинде нота жиберди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин реакциясына таң калып жатканын билдирди

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандын президенттигине ат салышкан талапкерлердин бири менен жолугушуусун кыргыз тарап өлкө ишине кийлигишүү деп сыпаттаганы биз үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргенин Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, Казакстандын ТИМи өлкө башчысы ар кайсы мамлекеттердин көрүнүктүү саясатчылары жана саясий партиялардын лидерлери менен алардын суранычы боюнча жолугуп турарын белгиледи. Ведомствонун айтымында, мындай көрүнүш эл аралык практикада бар.

"Анын үстүнө мындай жолугушуулар ачык өтүп, жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан кенен чагылдырылып келет", — деп казак ТИМи билдирген.

Мисал катары үстүбүздөгү жылдын 14-августунда Кыргызстандын экс-премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы жолугушуусу келтирилген.

"Жогоруда аталган жолугушуулар учурунда казак президенти кайсы бир талапкердин кызыкчылыгын колдогон кадамдарды жасаган жок. Тескерисинче, мамлекет башчы ким президент болуп келсе дагы ага ишеним артып иштешүүгө даярдыгын билдирген", — деп нотада айтылат.

Выборы депутатов Госдумы в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
БШК: талапкерлер жарыштан четтесе да бюллетенде аты калат
Казакстан кыргыз тарап келтирген жүйөлөргө макул эместигин баса белгилеп өткөн.

Эске салсак, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КРдеги президенттикке талапкерлердин бири менен жолугушуусун өлкөнүн ички саясатына кийгилигишүү катары баалап, нааразычылык нотасын жиберген.

Нотанын текстинде Тышкы иштер министрлиги казак президенти Назарбаевдин президенттикке талапкерлердин бири менен жолугуп, мамлекет башчы тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын айтышына таң калып жатканы белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0