КР өкмөтү Liglass компаниясын милдетин аткарбаганы үчүн доого жыгат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү борбору Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын билдирүүсүнө жооп даярдады
КР өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү борбору Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын билдирүүсүнө жооп даярдады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чех компаниясы 19-сентябрга чейин Кыргызстандын "Русгидрого" болгон 37 миллион карызын төлөшү керек болчу, бирок алар аны аткарган эмес. Аталган компания милдетин аткарбагандыктан Кыргызстан келишимди жокко чыгарууну чечкен.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. КР өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү борбору Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын билдирүүсүнө жооп даярдады.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети сааттын ичинде тагдыры чечилген Liglass
Анда кандай кадамдар жасала турганы жазылган.

Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы 37 миллион долларды төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүү боюнча кыргыз өкмөтүнө кайрылган. Каражатты төлөөнүн акыркы мөөнөтү 19-сентябрь болчу. Өкмөт аталган компания менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми чакан ГЭСтер боюнча төлөнгөн 1 миллион 147 миң доллар кепилдик салымы Кыргызстанда калат деп бийлик ишендирүүдө.

Өкмөттүн сот өкүлчүлүгү борбору эки келишим бар экенин, алар — инвестициялык (Жогорку Нарын каскады боюнча) жана "Кыргызстанда чакан гидроэлектрстанцияларды куруу" боюнча келишим экенин баса белгилеген. Андыктан аларга таянуу менен өкмөт келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну демилгелеген.

"Кыргыз тарап чех компаниясы акчаны төлөө боюнча өз милдетин аткарууда күтүлбөгөн кырдаалга таянып жатканына таң калууда", — деп айтылат маалыматта.

Бир келишимде күтүлбөгөн кырдаал эске алынган эмес, ал эми экинчисинде акчаны төлөө боюнча милдеттемеге тиешеси жок деп жазылып турат. Андан сырткары эгер инвестор инвестициалык келишим боюнча өз милдетин аткарбаган учурда анын аракети токтотулат деп так жазылган.

"Кыргызстан Liglass Trading компаниясы тарабынан бузулган эрежелерге карата келишимде жана өлкө мыйзамында каралган бардык чараларды көрөт. Анын ичинде инвестордун өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн доого жыгуу да каралган", — деп өкмөттүн сот өкүлчүлүгү борбору тараткан билдирүүдө жазылат.

Вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Зилалиев: Liglass компаниясынан 37 миллион сом түшкөн жок
Доого жыгуу маселеси азыр өкмөт тарабынан каралууда. Толук маалымат кийин берилет деп өкмөт ишендирди.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Инвестор өз ыктыяры менен Кыргызстандын "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион карызын төлөп берүү милдетин алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0