Рингден трибунага карай жол. Спорттон саясатка секирген аткаминерлер

© Sputnik / Жоомарт УраимовМужчина с портфелем
Мужчина с портфелем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликке ар чөйрөдөгү адамдардын башы чогулат. Арасында спортту кошо ала жүргөндөр да бар.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спорт тармагында жүрүп бийликтен ордун тапкан азыркы жана мурдагы саясатчыларды тизмектеди. 

© Фото / пресс-служба ЖКДүйшөн Төрөкулов, "Бир Бол" фракциясынан депутат
Новый депутат ЖК по списку политической партии Бир Бол Дуйшон Торокулов - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Төрөкулов, "Бир Бол" фракциясынан депутат

Аралаш мушташ боюнча таанымал спортчу Дүйшөн Төрөкулов "Бир Бол" фракциясынан депутат. Ал ушул жылдын январь айында Чолпон Жакупованын ордуна келген. Төрөкулов буга чейин Ош шаардык Дене тарбия, спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. 

© Фото / пресс-служба минэкономики КРМурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев
Министр экономики Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев

Мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошевдин жашоодогу ийгилиги спорт менен башталган десек болот. 4-класстан тарта күрөш менен машыгып, бир жылдан кийин 35 килограмм салмактагылар арасында Ош шаарынын чемпиону аталган. Далай балбанды жыгып СССРдин грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберинин нормасын да толтурган. Армияда кызмат өтөп жүргөн маалда турмушка болгон көз карашы өзгөрүп, келечегин мамлекеттик кызматтардан көргөн. 2006-жылы КРдин Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, 2009-жылы президенти болуп шайланган. Эл аралык күрөш федерациясынын ордени менен сыйланган, ардактуу машыктыруучу. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров
Депутат Талайбек Масабиров - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров дзюдо боюнча дүйнө чемпиону. Бишкек шаарындагы Крупская атындагы республикалык жалпы орто билим берүүчү спорттук профилдеги мектеп-интернатынын дзюдо секциясында окуган. Эмгек жолун ИИМдин алдындагы "Динамо" спорттук коомуна караштуу спорттук комплексте милиция кызматкерлерин атайын даярдоо боюнча инструктор, самбо боюнча улук машыктыруучу болуп иштөөдөн баштаган. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
"Бир Бол" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов бала чагынан тарта эркин күрөш менен бокска көп басым жасаган. Кыргыздын бардык жигиттериндей эле көк бөрүнүн "атасын" таанытат. Азыркы күнгө чейин спорттун бир нече түрү менен машыкса да кандайдыр бир мелдештерге катышып чоң ийгиликтерди багындырган эмес. Ошентсе да спортту тамырынан түшүнгөн адам катары бука моюн, буура сан балбандарга, муштуму таш мушкерлерге колдоо көрсөтүп бир канча спорттук клубду жетектеп келет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамир Сыргабаев, "Бир бол" партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты
Замирбек Сыргабаев уверенно одержал победу над соперником из США. - Sputnik Кыргызстан
Замир Сыргабаев, "Бир бол" партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты

Белгилүү спортчу Замир Сыргабаев "Бир бол" партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты. Ал самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСССРдин спорт чебери Максат Эгембердиев өткөн жылы КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын ордуна келген
Депутат от фракции СДПК Максатбек Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
СССРдин спорт чебери Максат Эгембердиев өткөн жылы КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын ордуна келген

Грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери Максат Эгембердиев өткөн жылы КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын ордуна келген. Эгембердиев Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн, кесиби боюнча машыктыруучу, КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев
Министр МВД Мелис Турганбаев принимает присягу - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев

ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев күрөш менен 5-классынан тарта машыккан. Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайдын бүтүрүүчүсү, күрөш боюнча спорт чебери. 1998-жылдан бери республиканын Спорт күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти. Былтыр ардагерлер арасында өткөн дүйнө биринчилгинде коло медаль тагынган. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогрес" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов
Депутат Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогрес" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов

"Өнүгүү — Прогрес" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, эмгек жолун ошол окуу жайдын Жалал-Абаддагы филиалында окутуучулуктан баштаган. Тагыраагы, алгачкы ишмердүүлүгү спортко арналган. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖКнын мурдагы депутаты, Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов
Руководитель фонда имени Суймонкула Чокморова Сагынбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын мурдагы депутаты, Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов

ЖКнын мурдагы депутаты, Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов бокс боюнча СССРдин спорт чебери. Спорттун бул түрү менен жаш кезинде 15 жыл машыккан. 

© AP Photo / Itsuo InouyeБокстун "атасы" Орзубек Назаров беттеш учурунда
Чемпион по боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Бокстун "атасы" Орзубек Назаров беттеш учурунда

Атактуу мушкер Орзубек Назаров 2007-жылдын ноябрь айында "Ак жол" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Назаров профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин Бокс федерациясынын вице-президенти. 

Маркум Санжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болгон. Саясатка келгенге чейин дзюдо жана эрежесиз кармаш түрлөрү боюнча спортчу катары таанылган. КРдин Панкратион федерациясынын вице-президентинин милдетин аркалаган. Кадыралиев 2009-жылы белгисиз адамдар тарабынан атылган.

© Фото / предоставлено Эльвирой СурабалдиевойЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев кызы Элвира менен
Письмо себе в прошлое: Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев кызы Элвира менен

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Сурабалдиев КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу, дзюдо күрөшү боюнча спорт чебери болгон. 1998-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги автотетиктерди жана автомашиналарды сатуучу "Кудайберген" жана "Азамат" базарларынын ээси болгон. Сурабалдиевди 2005-жылы 10-июнда борбордон белгисиз адамдар атып кетишкен.

Баяман Эркинбаев Жогорку Кеңештин депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл аралык күрөш федерациясынын, "Палван" кайрымдуулук фондусунун негиздөөчүсү. Мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кырызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, дзюдо жана күрөш боюнча спорт чебери, эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу. Эркинбаевди 2006-жылы өз үйүнүн алдынан атып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0