Жаңы эреже: "Кумтөргө" кыргыз тараптан башкы менеджер дайындалды

Жазылуу
Жаңы келишим боюнча алтын кендин иштөө менеджменти кайрадан каралып жатат

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Кумтор Голд Компани" (КГК) ишканасына Кыргызстандын атынан башкы менеджер болуп Болотбек Идирисов дайындалды. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунан кабарлашты.

Centerra Gold Inc. компаниясынын мүчөсү, Кыргызалтын ишканасынын каржы жана экономика тармагы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Бектур Сагынов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сагынов: Centerra Gold Inc. да өкмөт менен түзгөн келишимден пайда көрөт
Кыргыз өкмөтү менен Kumtor Gold Company ишканасынын ортосундагы жаңы келишимге ылайык КГКнын башчылыгында үч кыргызстандык болушу керек. Алардын арасында Болотбек Идирисов бар.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Kumtor Gold Company ишканасынын менеджементи кайрадан караларын айткан. Компанияда беш департамент ачуу пландалган. Алардын үчөөнү кыргызстандыктар жетектемекчи. Ал эми учурда компаниянын жетекчилиги президенттен жана төрт вице-президенттен турат.

КГКнын коллективине жаңы жетекчи 14-сентябрда тааныштырылды. Ал буга чейин компаниянын тоо-өнөр жай бөлүмүндө менеджер болуп эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0