Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Кубанычбека Кулматова
Пресс-конференция Кубанычбека Кулматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеген

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду.

Кубанычбек Кулматов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук банкты жетектөө сунушу президенттен түшкөнүн билдирди.

"Өлкө башчысы Улуттук банкты жетектөө сунушун берди. Мен макул болдум. Буга чейинки кызматтарга да сунуш түшкөнү үчүн баргам", — деди Кулматов.

Добуш берүү жабык түрдө өтүп, 70 депутат "макул", 6 депутат "каршы" добуш берди.

Буга чейин Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеген. Август айында ал биринчи вице-премьер болуп дайындалды.

Ал эми Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп, андан кийин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0