06:14 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
72 0 0

Өлкө башчысы Нью-Йоркко болчу сапары жана Сочи шаарында Владимир Путин менен болчу жолугушуусуна даярдыктар боюнча маалымат алды

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясатында ишке ашырылып жаткан негизги багыттар тууралуу маалымат алды. Андан сырткары, алдыда боло турчу сапарларына даярдыктар боюнча кеп болгон.

"Атамбаевдин Сочи шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен боло турчу жолугушуусу жана президенттин Нью-Йорк шаарына болчу иш сапары учурунда БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуусу тууралуу даярдыктар жана Кыргызстан тарабынан демилгеленген иш чаралар боюнча маалымат берилди", — деп айтылат маалыматта.

Атамбаевдин Нью-Йоркко болгон сапары 17-24-сентябрга пландалган.

Андан сырткары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү жана Атамбаевдин Өзбекстанга болчу мамлекеттик сапарынын даярдыгы боюнча да талкуу жүргөн.

Тема боюнча

Өлкө башчы Атамбаев бүрсүгүнү РФ президенти Путин менен жолугат
Жетелешкен канайымдар, кол кысышкан президенттер. Мирзиёевдин сапары карыды
Белгилер:
БУУ, Алмазбек Атамбаев, Россия, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ