Өлкө башчы Атамбаев бүрсүгүнү РФ президенти Путин менен жолугат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел переговоры с президентом Киргизии А. Атамбаевым
Президент РФ В. Путин провел переговоры с президентом Киргизии А. Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу жолугушуу учурунда ЕАЭБ алкагында кызматташуунун негизги маселелери талкууланат

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын башчысы Владимир Путин менен жолугушуусу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, эки тараптуу жолугушуу 14-сентябрда Сочи шаарында өтмөкчү.

"Аталган жолугушуу тууралуу эки лидердин 14-августта телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашылган", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу учурунда ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун негизги маселелери талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0