Президенттин аппараты Мирзиёев Кыргызстанга эмне максат менен келерин айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Казахстан. День второй
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Казахстан. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президенти Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен келмекчи

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кесиптеши Алмазбек Атамбаев менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жаатында бир катар документтерге кол коёт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субанкожоева билдирди.

Мирзиёевдин сапары 5-6-сентябрга белгиленген. Ал Атамбаев жана ошондой эле премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушат. Кыргызстан макулдашууларды кабыл алуу боюнча өлкө ичиндеги процедуралардын аягына чыкты.

"Негизги басым чек ара маселелерине жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жасалат. Соңунда жыйынтыктоочу документке кол коюлат", — деди Субанкожоева.

Мирзиёев президент катары Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Эскерте кетсек, коңшу өлкө жетекчиси расмий сапар менен Кыргызстанга акыркы жолу 2000-жылы келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0