Назарбаев менен Трамп Түштүк Азиядагы абалды талкуулашты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ жакында эле Түштүк Азия боюнча жаңы стратегия жарыялаган, өзгөчө ал Афганистанга багытталган

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, Түштүк Азиядагы абалды жана бул аймактагы Американын жаңы стратегиясын талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Ак үйдүн маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
АКШ бүткүл Россияга виза берүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту
Тараптар ошондой эле 2018-жылдын январь тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Казакстандын төрагалык кылуусун жана Астанада өткөн EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсү тууралуу пикир алышкан.

АКШ жакында эле Түштүк Азия боюнча жаңы стратегияны жарыялаган, өзгөчө ал Афганистанга багытталган. Жаңы саясатка ылайык, Афганистандагы абалды жөнгө салуу боюнча Пакистан менен Индияны тартуу каралган. Андан сырткары АКШ Афганистанда өзүнүн аскерлеринин санын көбөйтөрү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0