Кыргыз-өзбек чек арасынын 80 пайызы боюнча макулдашылган долбоор даяр болду

© AFP / NIKOLAY DOYCHINOVЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын премьер-министринин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында чек аранын 1170,53 чакырымы аныкталганы айтылган. Чек аранын жалпы узундугу 1350 чакырымдан ашуун.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкө чек арасы боюнча келишимдин долбоорун макулдашты. Анда жалпы чек аранын 80 пайызы камтылганын Өзбекстан өкмөтүнүн расмий сайтында жазылган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-31-август күндөрү Бишкекте, андан соң Ташкент шаарында эки делегациянын жумушчу тобу кездешкен.

"Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимдин долбоорун макулдашты. Мындан тышкары, аталган документке тийиштүү жоболорду даярдашты", — деп айтылат маалыматта.

Эки өлкөнүн чек арасы 1378 чакырымды түзөт, анын 1058 чакырымы аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер тилкесиндеги 324 чакырым макулдашыла элек.

Өзбекстандын премьер-министринин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында чек аранын 1170,53 чакырымы аныкталганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0