Гүлнур Төралиева өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИтоговая пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева
Итоговая пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда дагы өкмөттүн маалымат кызматын жетектеген

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Гүлнур Төралиеваны өкмөт аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жаңы дайындалган маалымат кызматтын жетекчиси Кыргызстан-Россия славян университетинин журналистика факультетин, 2010-жылы Лондон университетин аяктаган.

Белгилей кетсек, Төралиева Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турган кезде да өкмөт аппаратынын маалымат кызматын башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0