Президент болом дегендердин саны 24кө түштү

Жазылуу
Алгач өлкө башчылыкка 59 талапкер катталган. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин саны 24 кишиге түшкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жалпысынан БШКга 59 киши документ тапшырган.

"24 талапкер мыйзамдын талаптарын аткарды. Документтерин тапшырып, кол чогултушту, ошондой эле кыргыз тили боюнча экзамен беришти. Анын төртөө расмий катталды, калганы текшерилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ишемби күнү комиссиянын жыйынында 20 талапкердин арызын канааттандырбоо боюнча чечим чыккан. Анын 15и белгиленген мөөнөттө чогулткан колун тапшыра алган эмес, дагы бешөө мамлекеттик тилди биле турганын тастыктаган сертификаттарды көрсөтө алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0