Сапар Исаков: өкмөттүн программасын бир ай жаздык

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание организационного комитета по подготовке и проведению Года истории и культуры
Заседание организационного комитета по подготовке и проведению Года истории и культуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков көпчүлүк коалициясынын сынынан өтүп жатат

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жаңы өкмөттүн программасы бир айда жазылды. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков көпчүлүк коалиция депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Жаңы доорго кырк кадам" программасын жөнөкөй кылдык. Аны Кыргызстандын ар бир жараны түшүнөт. Буюрса бул программа ишке ашаарына толук ишенем. Программаны бир ай жаздык. Мында негизги көйгөйлөрдү чечүү каралган", — деди Исаков.

Ал "Таза коом" программасынын алкагында жол кырсыгын азайтуу боюнча бир топ иштер жасалаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ КСДП фракциясынын айрым депутаттары учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Мухамметкалый Абулгазиевдин финансы министри болорун айтышкан. Бирок Сапар Исаков учурдагы министр Адылбек Касымалиев ордунда кала турганын белгиледи.

Өкмөттүн жаңы курамы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0