Кайгуул милициясына жаңы жетекчи дайындалды

© Фото / пресс-служба МВД КРКайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин жол коопсуздугу тармагында эмгектенген

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгына жаңы жетекчи келгенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси, полковник Каныбек Жумашалиев
Начальник ГУПМ МВД КР Каныбек Джумашалиев  - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси, полковник Каныбек Жумашалиев

Жаңы жетекчи, полковник Каныбек Жумашалиев дүйшөмбү күнү жамаатка тааныштырылды. Ал мурда ИИМдин Транспорт башкармалыгын жетектеп келген. Жумашалиев ички иштер органдарында 1991-жылдан тарта иштеп келет.

Буга чейин Кайгуул милиция башкы башкармалыгын Эркин Баев жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0