Москва шаардык Думанын депутаттары Кыргызстанга келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары расмий делегация менен Москвага барган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкекке Москва шаардык Думасынын депутаттары расмий делегация менен келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Делегацияны Москва шаардык Думанын төрагасы Алексей Шапошников жетектеп келет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары расмий делегация менен Москвага барган.

Москва делегациясы Кыргызстанда беш күн болот. Иш сапардын алкагында бир нече расмий жолугушуулар болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0