Судьялардын тандоо кеңешинин курамына сынак жарыяланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев посетил новое здание Верховного суда КР
Президент Алмазбек Атамбаев посетил новое здание Верховного суда КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалоочулар жарыя чыккандан тартып 20 күн ичинде ЖКга кайрылса болот

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына сынак жарыялады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Шартка ылайык, талапкерлер КР жараны болуп, эч бир партияга мүчө болбошу керек. Мындан сырткары, буга чейин соттолбогон жана кадыр-барктуу, абройлуу болушу керектиги жазылган.

"Жарандык коомдон көрсөтүлгөн кеңештин мүчөсү 30 жашта болуп, жогорку юридикалык билимдүү жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу шарт. Мындан сырткары, мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам болушу керек", — деп жазылат маалыматта.

Каалоочулар жарыя чыккандан тартып 20 күн ичинде ЖКга кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0