Өзбекстандын премьери Кыргызстанга эмнеге келери белгилүү болду

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев встретился с премьер-министром Узбекистана
Премьер-министр РФ Д. Медведев встретился с премьер-министром Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өтчү кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында чек ара маселеси талкуланат

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте өтчү кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында чек ара маселеси талкуланып, ага кыргыз тараптан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышат.

Буга чейин да Наманганда Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек арасы боюнча протолколго кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0