Текебаевдин айынан БШКнын эки мүчөсү Шайлдабекованы сындап, ЖК төрагасына кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын архивдик сүрөтү
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуржан Шайлдабекова БШК мүчөлөрүнүн ага нааразы болуп, спикерге кайрылуусун кадыресе көрүнүш деп эсептей турганын айтты

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гүлнар Журабаева менен Атыр Абдрахматова жетекчилик Өмүрбек Текебаев жана ушул сыяктуу иши сотто каралып жаткандарды тестирлөөгө жолотпоого аракет кылып жатат деген пикирин айтып, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдошту.

Алар негизги дооматты Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен анын орун басары Абдыжапар Бегматовго коюуда.

Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Сот: Текебаевдин тест тапшыруусуна БШК шарт түзүүгө милдеттүү эмес
"Урматтуу Чыныбай Акунович, Боршайкомдун ишмердүүлүгү жамааттык түрдө ишке ашышы зарыл. Өтө маанилүү жана тагдыр чечээр маселелер боюнча чечим кабыл алууда бул принцип кармалбай жаткандыктан, биз сизге кайрылууга аргасызбыз. Жыйынтыгы айкын болуп турган айрым маселелер чечилбей, сүйрөлүп келиши өлкө башчысын тандоочу шайлоого даярданууга жана андан кийинки иш-чараларга тоскоолдук болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми учурда иши сотто каралып жаткан жарандарды тестирлөөгө киргизүү укугу боюнча Боршайком жакынкы күндөрү расмий билдирүү жасай турганын аталган органдын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Ошол билдирүү маалында менин жана БШКнын башка мүчөлөрүнүн позициясы айтылат. Журабаева кечээки жыйыныбызда спикерге кайрылуу ниетин айтты. Буга алардын укугу бар", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал Боршайком ар кайсы саясий партиялардын мүчөлөрүнөн турган орган болгондуктан, мындай пикир келишпестиктердин болушун кадыресе көрүнүш деп эсептей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0