Бишкекке жаңы прокурор дайындалды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВ зале заседаний правительства РФ в Доме правительства в Москве
В зале заседаний правительства РФ в Доме правительства в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын мурдагы прокурору пенсияга чыкты

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкектин жаңы прокурору болуп 49 жаштагы Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Борбор калаанын мурдагы прокурору Кубанычбек Бейшекеев пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматынан кеткен.

Буга чейин Халмурзаев Бишкектин Октябрь районунун прокурору болгон. Ал эми 2010-жылдын башында Башкы прокурордун орун басарлык кызматын ээлеген. Ал ошондой эле өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абиш Халмурзаевдин бир тууган агасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0