Сот: Текебаевдин тест тапшыруусуна БШК шарт түзүүгө милдеттүү эмес

© Sputnik / Расул УсеналиевСудебный процесс по делу лидера партии "Ата Мекен" Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова
Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин камактагы депутаттын кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзгөн мыйзам актылары жок экени айтылган

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшыруу маселеси боюнча аракет көрбөгөнүн сот тааныды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Досрочное голосование на президентских выборах в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкер болууну эңсеп катары менен арыз бергендер. Тизме
Буга чейин Боршайком Текебаевдин өкүлдөрүнө камактагы адамды тест тапшыруу үчүн алып чыгууга шарт түзгөн мыйзам актылары жок экенин билдирген. Депутаттын өкүлдөрү өз учурунда БШКнын аракеттерин мыйзамсыз деп таап, Текебаевдин тест тапшыруусуна шарт түзүү милдетин комиссияга жүктөө өтүнүчү менен сотко кайрылган.

3-августта Бишкек райондук соттор аралык жыйынында доо арыз канааттандырылган жок.

"Муну менен катар сот БШК тарабынан Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшыруусуна көрүлбөгөн аракеттерди тааныды", — деп айтылат маалыматта.

Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Сот Садыр Жапаровду эркинен ажыратты
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган.

Учурда аталган кылмыш иши Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0