Кыргызстандын президенти болууга алгачкы талапкер расмий катталды

© Фото / Бакыт МейманбековПервый официальный кандидат в президенты Темир Сариев
Первый официальный кандидат в президенты Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан президенттикке талапкерлигин 59 киши көрсөткөн, алардын үчөө өз ыктыяры менен тизмеден чыкты

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары биринчилерден болуп мурдагы премьер-министр Темир Сариевди каттоого алды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Досрочное голосование на президентских выборах в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкер болууну эңсеп катары менен арыз бергендер. Тизме
Ага өлкө башчылыкка талапкерлигин тастыктаган күбөлүктү БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу 1-августта аяктаган. Жалпысынан 59 киши БШКга арызын берип, ушу тапта алардын үчөө өз ыктыяры менен тизмеден чыкты.

Талапкерлер кыргыз тилинен экзамен берип, 30 миңден кем эмес кишинин колун тапшыруу менен бир миллион сом күрөө коюшу керек. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0