Президент болом дегендердин саны 51ге жетти

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүУчастники мероприятия
Участники мероприятия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы үч киши өлкө башчылыкка өзүн көрсөттү

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти болом деп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны 51ге жетти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Өзүн көрсөткөндөрдүн арасында 59 жаштагы Талгатбек Кожогулов бар. Ал Карагандадагы ИИМ жогорку мектебин аяктаган.

Ошондой эле "Полот бек" коомдук фондунун президенти 64 жаштагы Полотбек Кенжекулов дагы арызын берген.

Андан сырткары, учурда "Ридуан" ЖЧКсын башкарган 44 жаштагы Акылбек Мансуров дагы арызын тапшырган.

Кара каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талапкерлердин шайлоо фондуларына канча акча түшүп, канчасы короду
Ошентип азыр өлкө башчы болууга талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 51ге жетти. Буга чейин төмөндөгүлөр арыздарын берген:

Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Анвар Сартаев, Арсланбек Малиев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Бакыт Төрөбаев, Дамира Токтосунова, Замира Муратбекова, Игорь Трофимов, Камилла Шаршекеева, Кубан Чороев, Куттубек Бешбаков, Максатбек Жумабеков, Марта Кыдыралиева, Мирлан Шерикула уулу, Мукар Чолпонбаев, Назарбек Нышанов, Нусрет-Оглы Мамедов, Өмүрбек БабановӨмүрбек ТекебаевРита Карасартова, Руслан Жунусов, Садыр Жапаров, Сагынбек Абдрахманов, Сайнидин Султанидинов, Санжарбек Энназаров, Сооронбай Жээнбеков, Таалат Масадыков, Темир Сариев, Токтобүбү Таласбаева, Токтайым Үмөталиева, Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Алмазбек Каримов, Улукбек Кочкоров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Исхак Масалиев, Калмамат Мактымбаев, Темирбек Асанбеков, Казыбек Шайымбетов, Канат Исаев, Турат Акимов, Муканбай Айманбаев, Эрнис Зарлыков, Темиркул Өмүралиев, Акбаралы Айтикеев, Талгатбек Кожогулов, Полотбек Кенжекулов жана Акылбек Мансуров.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0