Кыргызстанды башкарат элем дегендердин саны 48 болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек көтөргөн адамдар. Архив
Желек көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкерлердин катарын саясий партиянын лидери жана ишсиз жүргөн адам толуктады

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматты көздөгөн дагы эки адамдан арыз келип түшкөнүн БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Кара каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талапкерлердин шайлоо фондуларына канча акча түшүп, канчасы короду
Талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн 57 жаштагы Темиркул Үмөталиев убактылуу эч жерде иштебейт.

Экинчи арыз 59 жаштагы Акбаралы Айтикеевден түшкөн. Ал Өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана жакыр үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын лидери, ошондой эле КМШ, Балтика, Чыгыш Европа мамлекеттеринин өнөр жай кызматкерлери жана ишкерлеринин эл аралык конгрессинин вице-президенти болуп саналат.

Ошентип Кыргызстандын президенти болом дегендердин саны бүгүнкү күнгө карата 48ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0