Президенттикке талапкерлигин журналист дагы көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфельчен адамдын архивдик сүрөтү
Портфельчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына 28-июлда төрт талапкерден арыз келип түшкөн. Алардын арасында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев менен журналист Турат Акимов бар.

Ошентип 28-июлга карата президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 46га жетти.

Өзүн-өзү көрсөткөндөр 35 киши болсо, партия тарабынан 11 киши көрсөтүлгөн.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0