Жалал-Абаддын жаңы шаардык кеңеши дагы эле жыйынга чогула албай убара

© Фото / Талгат БакиевДжалал-Абадская городской кенеш
Джалал-Абадская городской кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Республика", "Мекеним Кыргызстан" фракциялары шайланып келген.

ЖАЛАЛ-АБАД, 28-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги алты фракция сессияга чогула албай жатат. Анын себебин оппозициядагы "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" фракциялары 1-сессияны мыйзамсыз деп эсептөөсүндө болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан" жана "Республика" фракциялары ээрге отурганда эле кыйшык олтурган деп оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча 1-сессияны экс-төрага чакырышы керек эле. 

"Бирок көпчүлүк коалиция ал пунктту аттап өтүп, депутаттардын демилгеси менен сессияга чогулушууда. Андан сырткары, комитеттерди караган учурларда одоно мыйзам бузууларга барып жатат. Мисалга бюджет комитетин өзгөртүүдө оппозициялык азчылыкка төрт орун, көпчүлүккө беш орун кылып өзгөртүүлөрдү киргизип алышты. Ушул сыяктуу мыйзамга төп келбеген көрүнүштөр бар. Азыр биз прокуратурага кайрылып, баарына мыйзамдуу баа берсин деп турабыз", — деди Адылбеков.

Ал эми төрт фракциядан куралган көпчүлүк коалиция лидери Сайдулла Чымбердиев бул билдирүүлөрдү четке кагууда. 

Парламент Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш августтун аягында чогулуп, жаңы өкмөт башчыны шайлайт
"Буга чейинки чакырылыштын төрагасы дал ошол оппозициялык азчылыктан депутат болуп шайланып келген. Биз алардын сессияны уюштуруусун күттүк. Бирок "Ата-Журт" менен "Өнүгүү-Прогресс" сессияга чакырбаган соң кийинки пункт менен иштөөгө туура келди. Анткени БШКнын талабына ылайык эки жума аралыгында шаардык кеңеш 1-сессияга чогулушу керек болчу. Төрага жана мэрди шайлоо үчүн 21 депутат чогулуп, кворум болушу кажет", — деди ал.

Чымбердиев ошондой эле жакын арада мэр менен төраганы шайлоо болбосо да бюджетти бекитүүнүн мыйзамдуу жолдорун карап чыгарын кошумчалады.

Ал эми Борбордук шайлоо комитетинин Жалал-Абаддагы өкүлү Дамир Жүндүбаев шаардык кеңеш сессияга шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан тарта 14 күн ичинде чакырыларын айтты. 

"1-сессия ачылып төраганын орун басары шайланды. Бирок төрага шайлана электигине байланыштуу биз мэр шайлоонун датасын коюп бере албайбыз. 1-сессия ачылганы менен ал жабылбай турат. Сессия жабылгандан кийин 10 күн ичинде мэр шайлоонун күнү такталат. 20 күн ичинде аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоону камсыздап берет деп мыйзамда жазылган", — деди ал.

Эске салсак 28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП, "Өнүгүү", "Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Республика", "Мекеним Кыргызстан" фракциялары шайланып келген. Буга чейинки депутаттар бир пикирге келе албай өзүн-өзү таркатып жиберген. Шаардык кеңеште жалпысынан 31 депутат болсо, азыр көпчүлүк коалицияда 18 депутат, азчылыкта 13 депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0