Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп Василий Небензя дайындалды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЗаседание совета Парламентской ассамблеи ОДКБ
Заседание совета Парламентской ассамблеи ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын талапкерлигин буга чейин Мамдума менен Федерация кеңеши жактырган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Владимир Путин Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү катары Василий Небензяны дайындоо боюнча буйрукка кол койгонун РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш - Sputnik Кыргызстан
Гутерриш: кыргыз өкмөтү менен БУУнун тыгыз кызматташуусуна көмөктөшөм
Небензя Россиянын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. Анын талапкерлигин буга чейин Мамдума менен Федерация кеңеши жактырган.

Василий Небензя 1962-жылы туулган. Англис дана испан тилдеринде сүйлөйт.

Россиянын БУУдагы буга чейинки өкүлү Виталий Чуркин 2017-жылы 20-февралда 65 жашында каза болгон. Ал бул кызматта 2006-жылдын 8-апрелинен тарта иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0