Монголиянын жаңы президенти Ысык-Көлгө келиши ыктымал

© AFP / FRED DUFOURВыборы президента Монголии
Выборы президента Монголии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тарап Баттулганы 2017-жылдын август айында Ысык-Көлдө өтүүчү ак илбирсти коргоо боюнча глобалдык саммитке катышууга чакырды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулга Ысык-Көлгө келиши ыктымал. Бул тууралуу Montsame News Agency агенттиги билдирди.

Выборы президента Монголии - Sputnik Кыргызстан
Монголиянын жумушка жөө каттаган жоон билек президенти тууралуу 10 факты
Маалым болгондой 25-июнда Монголия президенти Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин жетекчиси Улан Жусуповду кабыл алган. Ал Баттулгага Алмазбек Атамбаевдин атынан президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктаган катын берген.

Андан соң Жусупов Монголиянын өлкө башчысын 2017-жылдын август айында Ысык-Көлдө өтүүчү ак илбирсти коргоо боюнча глобалдык саммитке катышууга чакырган.

Мындан сырткары, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жакшыртуу жана эки жакка тең атайын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу тууралуу сүйлөшүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0