ГЭС кура турган чех компаниясынын башчысы коюлган айыптар боюнча жооп айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПодписаны соглашения о строительстве и вводу в эксплуатацию Верхне-Нарынского каскада ГЭС
Подписаны соглашения о строительстве и вводу в эксплуатацию Верхне-Нарынского каскада ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турчу чех компаниясынын башчысы фирмасы жана долбоорду кайсы каражаттын эсебинен ишке ашыра турганын айтып берди

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын башчысы Михаель Смелик чакан видеокомментарийде фирмасы жана аларга карата айтылып жаткан айрым айыптоолорго жооп берди.

Эскерте кетсек, 10-июлда Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларын куруу боюнча келишимге кол койгон.

Смеликтин айтымында, анын компаниясынын кайра калыбына келчү энергия булактары менен иштөөдө чоң тажрыйбасы бар. Алар Чехия, Словения, Россия (Чечня), Сербия, Румыния, Италия, Англия жана Индия сыяктуу мамлекеттерде иш алып барган.

"Биз өнөктөштөр менен жалпы баасы 2 миллиард доллар турган жана кубаттуулугу 1 гигаваттык долбоорлорду ишке ашырдык", — деди ал.

Смеликтин айтымында, анын компаниясы төмөнкү эрежелерди сакташы керек: карызы жок, ачык, техникалык даярдыгы мыкты, жүздөгөн кыргызстандыктарды иш менен камсыздоо жана курулуш материалдарын жергиликтүү фирмалардан сатып алуу. Мындан тышкары, компания эки миллион сом көлөмүндөгү административдик салыкты төлөө менен 1,2 миллион сомдук финансылык кепилдик берүүсү керек.

"Компаниянын финансылык булактары даяр турат. Алар бир катар компаниялардын тобу менен финансы жана коммерциялык өнөктөштөр болуп эсептелет. Биз мамлекеттен же банктардан карызга акча албайбыз. Бул финансылык каражаттар чехтердики, кытайлардыкы же орустардыкы эмес", — деди ал.

Президент России В.Путин встретился с президентом Чешской Республики М.Земаном - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Кыргызстанга Liglass Trading компаниясын Чехиянын президенти өзү сунуштаган
Смелик компания берген убадасын аткарбай коет деген нерсени элестетүү дагы мүмкүн эмес экенин билдирип, 37 миллион доллар 30 банктык күндөн кийин эсепке өз убагында которуларын баса белгиледи. Бул сумма энергодолбоорго так ушунча сумманы короткон "Русгидро" компаниясына берилет. 

Айрым ЖМКлар өкмөт менен Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын ортосундагы келишимдерге кол коюлгандан кийин чуулуу макалаларды жарыялашкан. Мисалы, компаниянын кирешеси он миңдеген гана долларды түзөрүн жана акыркы жылдары ал банкротко кептелген ишкана катары каржылык абалы тууралуу отчет бербегени айтылган.

Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын гидроэнергетика тармагында тажрыйбасы жок экени жазылган.

Андан сырткары, чех президентинин канцеляриясынын башчысы Вратислав Мынарж аталган компанияны Сапар Исаков аркылуу Кыргызстанга сунуштаганы боюнча кабарлап чыккан. Ошол эле учурда элчилик аталган компанияга ишеним артууга болбой турганын билдиришкенин жазышты.

Ал эми Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын Кыргызстандагы долбоорлорунун директору Иржи Войтеховский ишкана бул долбоорго 500 миллион доллар инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Биринчи этаптын алкагында Ак-Булуң жана Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу иштери жасалып, ага 230 миллион доллар жумшалмакчы.

Строительство Нижне-Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турчу чехиялык компания тууралуу 5 факты
Чехия ЖМКларынын жазганына караганда, мындай сунушту Кыргызстанга чех президенти өзү айткан.

2012-жылы Жогорку Нарын каскадына Россиянын "Русгидро" компаниясы кубаттуулугу 238 мегаватты түзгөн төрт ГЭС курары боюнча макулдашылган. Компания бул долбоорго 37 миллион доллар короткону менен Россиядагы экономикалык каатчылыктан улам долбоор жокко чыгарылган

Денонсация боюнча мыйзамга президент 2016-жылдын 22-январында кол коюп, 9-августта документ күчүнөн кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0