"РусГидро" Атамбаевдин билдирүүлөрү боюнча үн катты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Восточного экономического форума
Подготовка к открытию Восточного экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында "РусГидронун" Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана Камбар-Атаны курууга ниети болбогонун айткан

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. "РусГидро" тууралуу Кыргызстан тараптан айтылган билдирүүлөр чындыкка коошпой турганын компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Президент России В.Путин встретился с президентом Чешской Республики М.Земаном - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Кыргызстанга Liglass Trading компаниясын Чехиянын президенти өзү сунуштаган
Дүйшөмбү күнү Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда "РусГидро" ишканасынын Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана Камбар-Атаны курууга ниети болбогонун билдирген. Ал чехиялык компания менен макулдашуу Кыргызстан үчүн “РусГидрого“ караганда алда канча пайдалуу экенин айтып, Улуттук энергохолдинг жаңы инвесторлордун “РусГидрого” 37 миллион долларды төлөп берүүсү тууралуу документтерди ырастоосун күтүү керек экенин кошумчалаган. 

Ал эми “РусГидро” Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу ишин токтотуу боюнча маселе көтөрбөгүн айтып, Кыргыз тараптын аларды тиешелүү милдеттерин аткарбады деп айыптаганы негизсиз деп эсептейт. 

“Өкмөттөр аралык түзүлгөн макулдашууну Кыргызстан бир тараптуу үзгөн. Мындай учурда келишим боюнча компаниянын долбоорун ишке ашырууга короткон каражаттар толугу менен кайтарылышы керек”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “РусГидро” карыздарды төгүү маселеси боюнча конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген. Эгер андан майнап чыкпаса чыгымдарды өндүрүрүү үчүн эл аралык арбитраждык териштирүүгө кайрылаары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0