16:07 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
138 0 0

Ошентип 38 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан коммунисттер партиясынан Исхак Масалиевди президенттикке талапкер катару көрсөтүү тууралуу арыз келип түштү.

Ошентип, 2017-жылдын 25-июлуна карата 38 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Буга чейин Токтайым Үмөталиева, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Азимбек Бекназаров, Назарбек Нышанов, Садыр ЖапаровӨмүрбек ТекебаевАрстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камилла Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек БабановРита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов, Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нурсет Мамедов, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу жана Арсланбек Малиев талапкерлигин өздөрү көрсөткөн.

Ал эми "Ата-Журт" партиясы Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун, "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Атамбаев Чыныбай Турсунбековдун президенттик дымагы тууралуу айтты
БШК: Ташиев менен Келдибеков ажолукка аттанды
Белгилер:
Исхак Масалиев, шайлоо, президент

ЭҢ МААНИЛҮҮ