БШК: Ташиев менен Келдибеков ажолукка аттанды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү
ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип 22-июлга карата 37 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке аттанам деп Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдон арыз түштү. Алардын талапкерлигин "Ата-Журт" партиясы сунуштаган. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖКнын экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун архивдик сүрөтү
Экс-депутат Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун архивдик сүрөтү

"БШКга "Ата-Журт" партиясынын кезексиз өткөрүлгөн XI курултайында президенттикке талапкер катары Келдибеков менен Ташиевдин көрсөтүлгөндүгү тууралуу чечими келип түштү", — деп айтылат маалыматта.

Ошентип, 2017-жылдын 22-июлуна карата 37 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

Кол күрөшүп жаткан эркен жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажолук-2017. Армрестлинг чемпиону Карасартова, суучул Текебаев, фитнесчи Бабанов
Буга чейин Токтайым Үмөталиева, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Азимбек Бекназаров, Назарбек Нышанов, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камилла Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов, Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нурсет Мамедов, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу жана Арсланбек Малиев талапкерлигин өздөрү көрсөткөн.

Ал эми "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0