БШК: ажолукка дагы эки айым аттанды

Жазылуу
Ошентип президент болом дегендердин саны 32ге жетти

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке аттанам деп Токтобүбү Таласбаева менен Дамира Токтосуновадан арыз түштү. Алар талапкерлигин өзү көрсөттү. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

64 жаштагы Токтобүбү Таласбаева "Улуу чындык" коомдук фондусун жетектейт. Ал эми 51 жаштагы Дамира Токтосунова "Дос Береке-1" ЖЧКнын консультанты болуп эмгектенет.

Ошентип, 2017-жылдын 20-июлуна карата 32 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

Убактылуу камалуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: президентикке талапкерлердин үчөө СИЗОдо жатат
Буга чейин Азимбек Бекназаров, Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камилла Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов, Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нурсет Мамедов, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу жана Арсланбек Малиев талапкерлигин өздөрү көрсөткөн.

Ал эми "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0