Атамбаев ГЭС кура турчу компания менен болгон макулдашуулар боюнча маалымат алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөнбек Зилалиев азыркы учурда ГЭС боюнча биринчи кезекте аткарылчу иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алып, Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турчу Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен макулдашууну ишке ашыруу боюнча даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Нарын каскадындагы жумушчулар шаарчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ГЭС кура турчу чех компаниясы аларга айтылган айыптарга жооп берди
Жолугушууда президентке өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана алдыдагы келе жаткан жылытуу мезгилине даярдык көрүү чаралары тууралуу дагы маалымат берилди. Ошондой эле өлкөдөгү гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери дагы талкууланды.

Дүйшөнбек Зилалиев азыркы учурда ГЭС боюнча биринчи кезекте аткарылчу иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

Техникалык-экономикалык негиздемелерди жаңыртуу жана түзөтүүлөрдү киргизүү, аталган энергетикалык обьектилердин курулушун алдыга жылдыруу үчүн "Liglass Trading CZ, SRO" компаниясынын инженерлер тобу кыргызстандык адистер менен бирдикте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун долбоору менен жеринде таанышып чыгышкан.

Атамбаев мамлекеттик комитеттин төрагасынан мурда кол коюлган макулдашуулардын шарттары талап кылгандай, мамлекеттин кызыкчылыгын сактоо менен өлкө үчүн маанилүү гидроэнергетикалык долбоорду ишке ашырууга абдан дыкаттык менен даярдык көрүүнү камсыз кылууну талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0