Ниязов: КСДПнын чечимин аткарбагандарга партияда орун жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязовдун архивдик сүрөтү
КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП партиясынын съездинде президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү сунушу бир добуштан колдоого алынды

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов партиянын чечимин аткарбагандарга партияда орун жок орун жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 15-июлда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын XVI съезди болуп, анда партиянын атынан президенттикке талапкер катары азыркы премьер Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлүп, аны аймактардан келген делегаттар бир добуштан колдогон. Ошондой эле жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке баруу ниети бар экенин айткан.

"Партиянын мүчөлөрү бир талапкерди колдоду. Бул партиянын чечими. Эгер аны аткарбай тургандар болсо, алар үчүн партияда орун жок", — деди ал.

Ниязов өз сөзүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке барам деп ачык сөз айтпаганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0