КСДП партиясы президенттикке талапкер катары Жээнбековду көрсөттү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Съездге келген 600дөн ашык делегаттардын баары аны бир добуштан колдоого алышты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстан социалдык-демократиялык партиясы (КСДП) өз съездинде азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Съездге келген 600дөн ашык делегаттардын баары аны бир добуштан колдоого алышты.

Белгилей кетсек буга чейин партиянын саясий кеңеши Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтүү боюнча чечим кабыл алган болчу.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жээнбеков адал иштей турганын, мекенге дилден кызмат кыларын айтты. Ошондой эле кландык, үй-бүлөлүк башкаруу жол бербей, байлыктын кулу болбостон элдин кулу болуп кызмат кыла турганын айтты.

Эсеп комиссиясы 674 делегат макул деп добуш бергендигин билдирди.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына ылайык президенттикке талапкар катары өз арыздарын 26 киши берген.

Анын ичинен 22 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, 4 жаран саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн.

Өзүн көрсөткөндөр: Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов жана Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана Руслан Жунусов.

Партиядан көрсөтүлгөндөр: Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан), Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан) жана Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан" партиясынан).

Эске салсак президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0