Адахан Мадумаровдун талапкерлиги президенттикке көрсөтүлдү

Жазылуу
Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер катары көрсөтүү үчүн дагы эки жарандан арыз келип түштү. Алар Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана Адахан Мадумаров.

Мамедов президенттикке өзүн өзү көрсөткөн. Ал 60 жашта жана Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти болуп эмгектенет.

Ал эми Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлдү.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Ошентип 14-июлга карата президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 25 кишиге жетти. Анын ичинен 21 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, 4 жаран саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн.

Өзүн көрсөткөндөр: Назарбек Нышанов, Өмүрбек ТекебаевАрстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек БабановРита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов жана Максатбек Жумабеков.жана Улукбек Кочкоров, Нусрет Муса-Оглы Мамедов

Партиядан көрсөтүлгөндөр: Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан), Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан) жана Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан" партиясынан).

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0