Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАкун: парламент хочет подмять под себя Институт омбудсмена
Акун: парламент хочет подмять под себя Институт омбудсмена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчылыкка талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн тийиштүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Активисты движения Прописке.нет - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоодо үгүт иштерин 258 ЖМК чагылдырат
Маалыматка ылайык, Акун "Адам укугу" партиясы тарабынан көрсөтүлгөн жана документтер БШКга ишемби күнү келип түшкөн.

9-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик талапкерликке 18 киши документтерин тапшырган. Алар: Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Өмүрбек ТекебаевАрстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалат Масадыков, Өмүрбек БабановРита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Мукар Чолпонбаев, Темир Сариев, Сагынбек Абдрахманов, Турсунбек Акун жана Бакыт Төрөбаев.

Өлкө башчылыкка талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0