Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин тез арада чечүүгө ынтызар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСаммит стран-участниц энергетического проекта CASA-1000 в Душанбе
Саммит стран-участниц энергетического проекта CASA-1000 в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын президенти бул маселе ийгиликтүү чечилсе чек ара аймагында туруктуулук жана коопсуздук орун аларын белгилеген.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасын эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен делимитация маселесин тез арада чечүүгө ынтызар экенин CASA-1000 саммитинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тажикстандын президенти бул маселе ийгиликтүү чечилсе чек ара аймагында туруктуулук жана коопсуздук орун аларын белгилеген. 

Ошондой эле маалыматта Жээнбеков Рахмонду президенттин атынан 25-августта Бишкекте өтө турган ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумга катышууга чакырганы айтылат.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу болжол менен 987 чакырымды түзөт. Анын 500 чакырымдан ашыгы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0