Матвиенко Атамбаев менен эмне тууралуу пикир алышканын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит в Кыргызстан председателя Совета Федерации Федерального собрания РФ Валентины Матвиенко
Визит в Кыргызстан председателя Совета Федерации Федерального собрания РФ Валентины Матвиенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын федералдык кеңешинин төрайымы жалпы коркунучтарга туруштук берүү үчүн чогуу аракеттенүү керектигин баса белгиледи

ЧОЛПОН-АТА, 4-июл. — Sputnik. Россиянын федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко журналисттер менен болгон жолугушууда КР президенти Алмазбек Атамбаев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди.

Матвиенко Кыргызстанга дүйшөмбү күнү келип, Атамбаев менен жолуккан. Андан кийин Ысык-Көлгө сапар алган. 4-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугуп, андан кийин "Шериктештиктин балдары" маданий билим берүү форумуна катышкан. Ал сапардын жыйынтыгы боюнча журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

"Сапар абдан маңыздуу болуп, кечээ президент менен маанилүү жолугушуу болду. Дүйнөдө жана биздин эки тараптуу мамилелердин келечеги тууралуу ачык сүйлөштүк. Биз Россия жана ЕАЭБ менен тыгыз байланышта болуу ниетин сездик", — деди Матвиенко.

Ал ошондой эле чогуу аракеттенүү менен атаандаштыкка туруштук берип, жалпы коркунучтарга каршы турууга болорун баса белгиледи.

Матвиенко менен Турсунбеков Ысык-Көлдүн жээгинде бийге түштү - Sputnik Кыргызстан
Матвиенко менен Турсунбеков Ысык-Көлдүн жээгинде бийге түштү
Өз кезегинде Турсунбеков Кыргызстандын ЕАЭБдин алкагында көп иштерди жасоо керектиги анын ичинде лабораторияларды куруу зарылдыгын айтты.

"Өлкө жетекчилиги Евразиялык экономикалык биримдиктин альтернативасы жок экенин жакшы түшүнөт", — деди төрага.

Жыйынтык сөз катары алар өлкөдө экономикалык деңгээли өсүп, ЕАЭБ мамлекеттери менен товар жүгүртүү өсүп жатканын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0