Кезектеги талапкер: Өмүрбек Бабанов БШКга документтерин тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүн-өзү президенттикке талапкер деп көрсөттү

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына "Республика — Ата-Журт" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдон президенттикке талапкер болом деген арыз түштү. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Бабанов президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн.

Бул арызды кошкондо БШКга президентик шайлоого аттанам деген 12 талапкер арызын берген. Алар — Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Бакыт Төрөбаев, Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Бабанов жана Таалатбек Масадыков болду.

Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0