Кыргызстан Ливан менен алака түзүп кызматташат

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстан менен Ливан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү
Кыргызстан менен Ливан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтерге кол коюлгандан кийин эки тараптуу жолугушуу өтүп, анда Кыргызстан менен Ливандын ортосунда ар тармактар боюнча кызматташуу тилектештиги айтылды

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Ливан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндүгү тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эки өлкөнүн ортосунда мамиле түзүү боюнча документтерге БУУдагы КР жана Ливандын туруктуу өкүлдөрү Миргүл Молдоисаева менен Наваф Салам Нью-Йорк шаарында кол коюшту.

"Документте көрсөтүлгөндөй, эки өлкө БУУнун уставына ылайык эл аралык тынчтык жана коопсуздукту күчтөндүрүү жана сыйлоо, мамлекеттер аралык теңчилик, суверендүүлүк жана мамлекеттердин ички саясатына кийлигиштөө принциптерине таянып дипломатиялык мамиле түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Документтерге кол коюлгандан кийин эки тараптуу жолугушуу өтүп, анда Кыргызстан менен Ливандын ортосунда ар тармактар боюнча кызматташуу тилектештиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0