ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке ат салышышы мүмкүн

Жазылуу
Төрага жарышка катышып калса талапкер катары өзүн өзү көрсөтөрүн баса белгиледи.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттике аттанышы ыктымал. Бул тууралуу спикер маалымат жыйында билдирди.

Төраганын айтымында, эгер жарышка катыша турган болсо ал өз талапкерлигин өзү көрсөтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин КСДП фракциясы президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө БШКдан расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 10го жетти. Алардын ичинде экөөнү партиялар алып чыкса, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0