Президент болом деген экс-министрдин документин БШК кабыл алды

Жазылуу
Борбордук шайлоо комитетине жети адамдын документтери жөнөтүлдү

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбордук шайлоо комитетине Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекееванын документтери тапшырылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Ал өз талапкерлигин өзү сунуштап жатат. 2001-2002-жылдардын аралыгында Билим берүү жана илим министри болгон Шаршекеева 2015-жылкы шайлоодо кайсы бир партиянын курамында талапкер катары көрсөтүлүп, жыйынтыгында партия парламентке өтпөй калган.

Буга чейин БШКга өз документтерин Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев жана Сайнидин Султанидинов тапшырган.

Булардын арасынан жалгыз Темир Сариев партиянын атынан сунушталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0