Мадумаров президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болду

© Пресс-служба президента КРПрезиденттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган Акрам Мадумаров
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Акрам Мадумаров Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Акрам Мадумаров президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мадумаров буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп буга чейин Сапар Исаков эмгектенип келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0