23:39 17 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарына мандат берилди

Жалал-Абад шаарынын депутаттарына мандат берилди

© Sputnik / Талгат Бакиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
45310

Былтыркы жылдын соңунда өткөн шайлоодон Жалал-Абад шаардык кеңешке келген депутаттар ич ара келише албай, 2017-жылдын март айында тарап кетишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарына мандат берилди. Эми он төрт күн ичинде шаардык кеңеш алгачкы сессиясына чогулууга тийиш. Мындай маалыматты БШКнын аймактык өкүлү Дамир Жүндүбаев аймактык кабарчыга билдирди.

  • Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарына мандат берилди
    Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарына мандат берилди
    © Sputnik / Талгат Бакиев
  • Эми он төрт күн ичинде шаардык кеңеш алгачкы сессиясына чогулууга тийиш
    Эми он төрт күн ичинде шаардык кеңеш алгачкы сессиясына чогулууга тийиш
    © Sputnik / Талгат Бакиев
  • 28-май күнү өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен Өнүгүү-Прогресс фракциясы тогуз мандат, КСДП 8, Кыргызстан 3, Ата-Журт менен Мекеним Кыргызстан фракциялары төрттөн мандатка ээ болушту.
    28-май күнү өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы тогуз мандат, КСДП 8, "Кыргызстан" 3, "Ата-Журт" менен "Мекеним Кыргызстан" фракциялары төрттөн мандатка ээ болушту.
    © Sputnik / Талгат Бакиев
1 / 3
© Sputnik / Талгат Бакиев
Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарына мандат берилди

Анын айтымында, 28-май күнү өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы тогуз мандат, КСДП 8, "Кыргызстан" 3, "Ата-Журт" менен "Мекеним Кыргызстан" фракциялары төрттөн мандатка ээ болушту.

"КСДП, "Республика", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары биригип "Жаңы багыт" көпчүлүк коалициясын түзүштү. Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" менен "Ата-Журт" азчылыкта калды", — деди Жүндүбаев.

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын соңунда өткөн шайлоодон Жалал-Абад шаардык кеңешке келген депутаттар ич ара келише албай, 2017-жылдын март айында тарап кетишкен. Анын айтынан шаардын бюджети бекитилбей, мэр шайланбай калган.

Тема боюнча

Президенттик шайлоо: Текебаевдин документтери БШКга жөнөтүлдү
Жалал-Абадда шаардык кеңеш иштей баштайт
Белгилер:
шайлоо, БШК, Жалал-Абад
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ